Жаңы жыл түнү шаардыктардын жана борбор калаанын конокторунун ыңгайлуулугу үчүн бардык коомдук транспорттор түнкү саат 01:00гө чейин иштейт.

Белгилей кетсек, 1-январда муниципалдык коомдук транспорт - автобустар жана троллейбустар атайын график боюнча саат 08:00дөн 20:00гө чейин, ал эми кичи автобустар адаттагыдай эле каттайт.
2-январдан тарта шаардагы бардык коомдук транспорт кадимки режимде иштей баштайт.

Урматтуу шаар тургундары! Сиздерди келе жаткан Жаңы жылыңыздар менен куттуктап, ден соолук жана бакубат жашоо каалайбыз.