№25 орто мектептин базасында спорт жана маданият департаменти жана Ленин райондук билим берүү борборунун директору менен биргеликте «Мектеп лигасы» жана «Милициянын жаш досу» мелдешинин жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өттү.

«Милициянын жаш досу» сынагынын жеңүүчүлөрүнө депутат Светлана Козубаеванын демилгеси менен жаңы жылдык белектер тапшырылды.

Райондук билим берүү борборунун директору Темирканова Таалайгүлдүн демилгеси менен «Мектеп лигасынын» жеңүүчүлөрү  райондук билим берүү борборунун ыраазычылык каттары менен сыйланышты.

«Милициянын жаш досу» сынагынын жыйынтыгы боюнча байгелүү орундарды:
- 1-орун - №8 мектеп;
- 2-орун - №84 мектеп;
- 3-орун - №31 жана 44 мектептер.

«Мектеп лигасынын» жыйынтыгы боюнча байгелүү орундарды:
- 1-орун - №84 мектеп;
- 2-орун - №96 мектеп;
- 3-орун - №59 мектеп.

Сынактын максаты - жашы жете элек өспүрүмдөрдүн арасында укук бузуулардын алдын алуу, өсүп келе жаткан муундардын адилеттүүлүк сезимин тарбиялоо, өспүрүмдөрдүн иш менен камсыз болушун жана эс алуусун уюштуруу жана мекенчилдикке тарбиялоо болуп саналат.

Ленин районунун мектептеринин арасында өткөн “Милициянын жаш досу” сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды.