Биринчи май районунун акими Максатбек Сазыкуловдун төрагалыгы алдында кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча координациялык комиссиянын жыйынтыктоочу отуруму өттү.
Жыйынга прокуратуранын, УКМКнын, райондук ички иштер бөлүмүнүн, Биринчи май райондук пробация башкармалыгынын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, жерди пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгынын, билим берүү борборунун, ошондой эле МАБдын жетекчилери катышты.
Күн тартибинде үч маселе каралды:
- муниципалдык жер участокторун мыйзамсыз басып алган адамдарга карата көрүлгөн чаралар;
- Биринчи май районунун аймагындагы коомдук-саясий абал жана коомдук укук тартибин камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар;
- башаламан соодага каршы күрөшүү.
Отурумдун жыйынтыгында комиссия мүчөлөрүнүн сунуштарын жана толуктоолорун эске алуу менен тапшырма протоколу түзүлдү.