Шаардык муниципалитетте Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун төрагалыгы алдында мэрлердин орун басарларынын, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилеринин жана район акимдеринин катышуусунда жыйын өттү.

Мэр орун басарларына жана шаардык кызматтардын жетекчилерине муниципалитеттин бардык түзүмдөрүн жаңы жылдык майрамдарда күчөтүлгөн режимге өткөрүүнү тапшырды.

Майрам күндөрү эффективдүү иштөө үчүн ар бир шаардык кызматтарда нөөмөт графиги түзүлүп, жооптуу кызматкерлер коюлган.

Борбор калаанын мэри муниципалитеттин милдети жаңы жылдык майрамдарда шаардыктарга ыңгайлуу жана коопсуз шарттарды түзүү экенин белгиледи.