Жаңы жылды майрамдоодо «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери таң эртеден баштап нөөмөттө болушат.

Жалпысынан таштанды чыгарууга 60 адам жана 7 атайын техника тартылат. Аянттын бардык периметри боюнча таштанды челектери, анын ичинде  40 чоң желим контейнер жана 10 евро контейнер орнотулат.

Жаңы жылдык майрамдарда “Тазалык” муниципалдык ишканасынын топтору таңкы саат 6:00дөн баштап шаардын бардык аймагында таштандыларды тазалоо иштерин кадимки режимде жүргүзөт.

Таштанды чыгаруу боюнча маселелер жаралса 0 (312) 34 00 21 номуру боюнча кайрылса болот.

Урматтуу шаар тургундары! Сиздерди келе жаткан Жаңы жылыңыздар менен куттуктайбыз. “Тазалык” ишканасынын кызматкерлеринин жумушуна кам көрүп, таштандыларды урналарга таштооңуздарды суранабыз.