Жаңы жыл алдында шаардык саламаттыкты сактоо уюмдарына санитардык автотранспорттун үч бирдиги тапшырылды. Унаанын ачкычын Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айбек Ибраимов тапшырды.

Унаалар борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун тапшырмасы боюнча сатылып алынган.

Борбор калаанын №6, 7 жана 8 үй-бүлөлүк медицина борборлорунун көчмө амбулатордук кызматын уюштуруу үчүн транспорт жергиликтүү бюджеттин каражатына сатылып алынды.

Бишкек шаарынын көчмө амбулатордук баштапкы медициналык-санитардык жардам кызматы бейтап жашаган жерде медициналык жардам көрсөтүүгө багытталган жана өзүнө үй-бүлөлүк дарыгердин жана тар адистердин консультациясын, диагностикага, дарылоого, реабилитациялоого жана паллитиативдик жардамга багытталган медициналык кийлигишүүлөрдү камтыйт.

Белгилей кетсек, үй шартында сапаттуу медициналык кызматка муктаж болгон бардык бейтаптар амбулатордук медициналык жардам ала алышат. Амбулатордук кызматтар бекер көрсөтүлөт.

Амбулатордук кызмат пилоттук долбоор болуп саналат. Буга чейин аталган кызматты уюштуруунун алкагында Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан 7 автоунаа бөлүнүп, No1,2,3,4,5,9,10 ҮМБларга бөлүнүп, сапаттуу иштөөгө шарт түзүлгөн. Үй шартында кызмат көрсөткөн медициналык кызматкерлер үчүн, ошондой эле тез жардам борборунун ишин жеңилдеткен.

Кызмат төшөктө жаткан, онкологиялык, кургак учук жана паллиативдик бейтаптарга жардам көрсөтөт. Кызмат тез жардам чакырууларын тейлебейт жана ооруканага жаткыруу менен алектенбейт. Бул функциялар тез жардамда кызматында кала берет.

2022-жылдын 5 айында бардыгы болуп 3450 бейтап тейленген, алардын ичинен балдар – 1128, жаңы төрөлгөндөр - 672, ДМЧА - 1195, 1757 учурда тар адистер тарабынан кароо жүргүзүлгөн, паллиативдик бейтаптарга 204 жардам көрсөтүлгөн, МСЭК боюнча 234 иш кагаздары бүткөрүлдү, 3053 лабораториялык, 1202 инструменталдык  изилдөөлөр жүргүзүлдү. Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун (ММК) жана Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында 704 рецепт жазылып берилген, 16 манипуляция жүргүзүлгөн.

Көчмө кызмат бейтаптын же анын туугандарынын же камкорчуларынын кайрылуусунун, бейтаптын стационарынан чыгаруу жөнүндө ҮМБ же ҮДТнын билдирүүсүнүн негизинде, ошондой эле саламаттык сактоо уюмдарынын диспансеризациялоо журналындагы тизме боюнча бейтаптын үйүнө жиберилет.

Үйдө медициналык жардам камсыздандырылган бейтапка иш жүзүндө жашаган районунун аймагында жайгашкан саламаттык сактоо уюмдары тарабынан көрсөтүлөт.