Бишкек шаарынын мэриясынын Шаардык саламаттык сактоо башкармалыгы тарабынан жергиликтүү бюджеттин эсебинен Бишкек шаарынын Тез медицина борборуна жалпы суммасы 1 миллион 485 миң сомго Redmi Note 10S үлгүсүндөгү 90 уюлдук телефон (смартфон), телефондор үчүн 100 кармагыч жана 100 унаа заряддоочу аппарат алынды.  

Жабдуу Бишкек шаарынын Тез медицина борборунун автоматташтырылган башкаруу системасын(АБС) колдоо жана тез медициналык жардам бригадаларынын ыкчам байланышын колдонуу жолу менен калкка өз убагында медициналык жардам көрсөтүү максатында алынган.

Бишкек шаарынын Тез медицина борбору - өмүргө коркунуч туудурган абалдарда, кырсыктарда, окуя болгон жерде да, жолдо да курч оор ооруларда, төрөттө жана кош бойлуулуктун патологиясында, травмаларда, катастрофаларда, табигый кырсыктарда жана згч кырдаал учурунда Бишкек шаарынын эрезеге жеткен жана балдар калкына күнү-түнү акысыз тез жардам жана кечиктирилгис медициналык жардам көрсөтүүчү адистештирилген дарылоо-профилактикалык мекеме.

Эске салсак, 2018-жылы Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетинин каражаттарынын эсебинен Тез медицина борборуна башкаруунун автоматташтырылган системасы киргизилген, ага 6,7 млн сом бөлүнгөн.

Ишке ашырылган долбоор процесстин ар бир этабында убакытты кыскартууга жана автоматташтыруу аркылуу бригадаларды рационалдуу башкарууга мүмкүндүк берди:

- Кирүүчү чалууларды кабыл алуу, жазуу жана кайталап угуу;
- ыкчам башкаруу үчүн акылдуу чалуулар;
- кайрылууларды тариздөө процесси;
- бригадалардын чакырууга жакындашуу коэффициентин эсептөө;
- диспетчердик бөлмөнүн мобилдик тиркеменин жардамы менен бригадалар менен өз ара аракеттенүүсү;
- бригадалардын учурдагы жайгашкан жерин жана абалын аныктоо;
- бригадаларды онлайн аудио жана видео көзөмөл;
- маалыматтарды сактоо жана пайдалануу, отчетторду түзүү.

Бишкек шаарынын Тез медицина борборунун автоматташтырылган башкаруу системасын пайдалануу учурунда система тез жардам кызматынын оперативдүүлүгүн жакшыртууга мүмкүндүк берди. Кеч аткарылган чалуулардын пайызы 35% дан 21% га чейин төмөндөдү.

Азыркы учурда Бишкек шаарынын Тез медицина борборунун автоматташтырылган башкаруу системасы 2018-жылдан тартып штаттык режимде иштеп жатат.