"Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жылуу кийимдер менен камсыз болушту.

Жумушчулар үчүн 901 формага буйрутма берилген.

Жаңы формалар жол тейлөө башкармалыгынын кызматкерлерине, айдоочуларга, ошондой эле жүктөгүчтөргө жана тазалоочуларга берилди.

Урматтуу шаардыктар! Коммуналдык кызматкерлердин эмгегин сыйлагыла, таштандыны челектерге таштагыла.