2023- жылдын 7-январында Бишкек шаарынын Асаналиев көчөсү боюнча Красная көчөсүнөн баштап Лев Толстой көчөсүнө чейин канализациялык коллекторду куруу иштери башталды.

Канализация түтүктөрүн тартуу иштерине байланыштуу унаа кыймылы убактылуу токтотулат.

Бишкек шаарынын мэриясы убактылуу ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана  шаар тургундарын борбор калаанын конокторун альтернативдүү жолдорду алдын ала тандап алууну суранат.

Эскерте кетсек,  канализациялык коллектордун курулушу 2022-жылдын сентябрында башталган. Коллектордун жалпы узундугу - 11 км. Жаңы канализация коллектору Бишкектин түштүк жана батыш аймактарынын тургундарына жаңы саркынды сууларды чыгаруу системасына кошулууга мүмкүнчүлүк берет.  

Канализациялык коллектордун курулушу «Бишкек шаарынын суу менен жабдуу жана канализациясын реабилитациялоо» долбоорунун  II фазасынын алкагында жүргүзүлүүдө.