«Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасы жашыл аянтчаларга кам көрүүнү улантууда.

Ишкананын кызматкерлери тарабынан Ч.Айтматов проспектисинин боюна Ормон-Хан көчөсүнөн ВДНХга чейин жана Масалиев көчөсүнө Чортеков көчөсүнөн Шералиев көчөсүнө чейин жана  Тыналиев көчөсүнүн батыш тарабына ийне жалбырактуу көчөттөрдү отургузду.

Жалпысынан 110 түп жаш көчөттөр отургузулду.
Көчөт отургузуу менен бирге борбор калаанын “жашыл” тургундарына да күнүмдүк кам көрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Шаардын бардык райондорунда бак-дарактарды санитардык  тазалоо жана куураган бутактарды санитардык бутоо иштери уланууда.
Кесилген бутактарды өз убагында жүктөө жана алуу да аткарылууда.