«Тазалык» муниципалдык ишканасы түнү бою жол жээгин тазалады. Учурда  экинчи нөөмөт көчөлөрдү, тротуарларды тазалоого  ишке чыгышты.

Линияда 38 атайы техника иштеп жатат жана жол тейлөө башкармалыгынын 30 жумушчусу тартылган. Жалпы шаардын көчөлөрүндө 635 тазалыктын кызматкерлери  иштейт.

Урматтуу унаа сүйүүчүлөр! Унааларды жол жээгине калтырбоону суранабыз, алар карды тазалоо учурунда атайын техникага  тоскоол болуп жатышат. Мындай аба ырайында  унаа айдап баратканда өтө этияттык менен көңүл буруп, унаа ылдамдыгын жана жолдун абалын эске алууңуздарды суранабыз!