Жарандар шаардын айланасында убактылуу орнотулган жылытуу түйүндөрүнө кайрылышууда.

Свердлов районунда жайгашкан пунктка 208 адам кайрылып, ал эми Ленин районундагы пунктка — 150 адам кайрылган. Октябрь району боюнча 60 адам кайрылса, Биринчи Май району боюнча убактылуу жылытуу түйүнүнө 63 адам барган.

Эске салсак, борбор калаада 11 чатыр тигилген. Анда ӨКМнин  кызматкерлери күнү-түнү нөөмөттө турушат.