Жарандар түнү  бою иштеген «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлерин ысык чай менен жылытышты.

Түнкүсүн шаардын көчөлөрүндө жол тейлөө башкармалыгынын 30 жумушчусу иштеп, 37 атайын техника тартылган. 

Борбор калаанын жолдоруна 96 тонна техникалык  туз чачылды.

Эртең менен экинчи нөөмөттө  – 110 жүктөгүч, 619 тазалоочу ишке киришти.

Борбор калаанын мэриясы шаардыктарга колдоо жана камкордук көрсөткөндүгү  үчүн ыраазычылык билдирет. 

Мындай аба ырайында жылуу мамиле абдан  маанилүү.