Борбор калаанын троллейбустары бишкектиктердин жүрөгүндө өзгөчө орунду ээлейт. Алар күн сайын миңдеген адамдарды ташып, шаардык транспорттун ажырагыс бөлүгү болуп калды.

1951-жылы 13-январында Фрунзе шаарынын көчөлөрүндө биринчи жолу төрт мүйүздүү унаалар пайда болгон. Биринчи каттам темир жол вокзалынан Илимдер академиясына каттаган. Шаар тургундарына транспорттун жаңы түрү жагып, аларды тамаша иретинде «быка» деп атап алышкан.

Троллейбустар ишке киришкен биринчи жылынын ичинде уч жарым миллиондон ашык жүргүнчүлөрдү ташыган.
Күнүнө каттамга 140 троллейбус чыгат.

Башкармалыктын курамына 2 автобаза, энергочарба, 19 көмөкчордон жана 7 диспетчердик пункттар кирет.

Ишканада 610 адам эмгектенсе, алардын ичинен 100дөн ашууну «Эмгектин ардагерлери» наамына ээ.  Алардын ишканадагы иш тажрыйбасы 25 жылдан ашты.