Жыл башынан бери борбор калаадагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда гепатит В оорусуна каршы бекер эмдөө иштери башталган.

Ошентип, Биринчи май акимчилигинин имаратында вирус боюнча билим деңгээлин жогорулатууга багытталган акция өттү. Жалпысынан 44 адам текшерүүдөн өтүп, Россия Федерациясында чыгарылган «Регевак В» эмзаты менен бекер эмдөөдөн өтүштү.

Белгилей кетсек, гепатит В боорду жабыркатуучу кеңири таралган жана коркунучтуу жугуштуу оору. Кыргызстанда вирустук гепатит менен ооругандардын көбөйүшү уланууда. В гепатитине каршы эң эффективдүү коргоо бул эмдөө.

Вирустун жугушу көбүнчө энеден балага эмизүү жол менен, кан же башка дене суюктуктары менен, атап айтканда, инфекция жуккан өнөктөш менен жыныстык катнаш, кооптуу инъекциялар жана бычак сайуу аркылуу болот.

"Регевак B" препараты үч жолу берилет: ревакцинациянын экинчи курсу биринчиден 1 айдан кийин, үчүнчүсү биринчиден 6 айдан кийин жүргүзүлөт. Эмдөөлөргө 23 жаштан 65 жашка чейинки калк кирет. Эмдөө курсун өткөрүү В гепатитинин вирусуна туруктуу антителолордун пайда болушуна алып келет.

Урматтуу жарандар! Консультация жана бекер эмдөө үчүн жашаган жериңиз боюнча ҮМБга кайрылыңыз. Өзүңүздү жана жакындарыңызды коргоңуз!