Ала-Арча дарыясынын каналында аба ырайынын  кескин төмөндөшүнөн улам сел тыгыны пайда болду.

Тыгынды  жоюу үчүн «Бишкексуучарба», «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканаларынын, «Бишкексууканал» ӨЭБнын жана ӨКМнин кызматкерлери жана атайын техникалары ыкчам тартылган.

ӨКМнин 2 экскаватору, 2 самосвалы, «Бишкексууканал» ОЭБ нын 1 экскаватору жана 1 МАЗ, «Бишкекзеленхоз» МИнын 1 экскаватору, «Бишкекжарыктын» 1 экскаватору жана «Бишкексуучарба» ишканаларынын техникалары бар.

Муниципалитеттин бардык кызматтары күчөтүлгөн режимге өткөрүлдү. Алсак, Свердлов райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү Ала-Арча жана Аламүдүн дарыяларынын суунун деңгээлин такай көзөмөлдөп турат.

Тыгынды  жоюу иштери уланууда.