Биринчи май районунун акими Максатбек Сазыкулов жаңы мектептерде бут кийим алмаштыруунун жүрүшү менен таанышты.

Демилгенин максаты – ата-энелерге жардам берүү, жаштайынан жүрүм-турум, тартип жана тыкандык маданиятын жайылтуу жана тарбиялоо, ошондой эле санитардык-гигиеналык нормаларды сактоо, бул өзгөчө сыртта кир болгондо.

Белгилей кетсек, №75, 78, 99, 101-жаңы  мектептерде алмаштырылчу бут кийимдер киргизилген. Сактоо үчүн атайын шкафтар Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коому (КОС жана КОГ) тарабынан жасалган.

Буга чейин бул тажрыйба №81 мектептин башталгыч класстарында киргизилген. Мындай тажрыйба жакында Биринчи Май районунун бардык мектептерине киргизилет.

Белгилей кетсек, №97, 40, 84 мектептерде да алмаштырылуучу бут кийимдер киргизилген.