17-январь саат 12:00дө Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде, борбор калаанын мэриясынын колдоосу менен «Түтүн» уникалдуу сүрөт көргөзмөсү ачылат.

Көргөзмө 2023-жылдын 3-февралына чейин уланат.

Көргөзмөнүн автору Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө белгилүү фотограф, аниматор жана архитектор Шило Джекшенбаев. Бүгүнкү күндө ал таанылган фотосүрөтчү жана республиканын заманбап фото искусствосунун олуттуу өкүлү. Шило Джекшенбаев Кыргызстандын ичинде жана чет өлкөлөрдө көптөгөн эл аралык сүрөт көргөзмөлөрүнө катышуусу менен белгилүү («ВОСТОК», Вена (2008), «Полярдуулуктун парадоксу: “Борбордук Азиядагы заманбап искусство”, Нью-Йорк (2007) жана “Дүйнөгө үмүттүн көзү менен кароо”, Бишкек (2006).

Экспозиция жаңы имараттардын пайда болуу тарыхына, Юнисон Групптун адистеринен турак жайлардын жашоочулары үчүн энергияны үнөмдөө боюнча чаралар жана үйлөрдү жылуулоо боюнча өткөрүлгөн маалыматтык кампаниялар жана тренингдерге, полигондордун абалы, Бишкек шаарынын архитектура жана транспортун өнүктүрүүгө арналган.

Бардыгы болуп Шило Жекшенбаевдин 80 эмгеги көрсөтүлөт. Көргөзмө Кыргызстандын социалдык жана маданий чөйрөсү үчүн маанилүү окуя болуп саналат. Сүрөттөр тарыхый доордун белгилүү бир мезгилин жана Бишкектин күнүмдүк турмушун чагылдырат. Кошумчалай кетсек, фотограф Шило Джекшенбаев фотосүрөттөр аркылуу өзүнүн көз карашын жана баалуулуктарын берет, ал өз кезегинде коомдун аң-сезиминен тартат.

Түтүн экспозициясы жөн эле Бишкек тууралуу сүрөттөрдүн жыйнагы эмес, бул уникалдуу сүрөттөрдүн топтому. “Түтүн” көргөзмөсү фото искусствонун ар кандай куралдарын жана анын визуалдык каражаттарын колдонуу менен Бишкекти дүйнөнүн эң кир шаарларынын алдыңкы бештигине кирүүнүн азап чектерин изилдейт. Бул сүрөттөр мурда жарыяланбаганы жана кыргызстандыктардын кеңири чөйрөсүнө таанылбаганы үчүн кызыктуу.

Көрсөтүлгөн экспонаттар Кыргызстандын борбору катары Бишкектин элесин, анын тургундарынын, ошондой эле  шаардагы көйгөйлөрдү жаңыча ачып берет. Ар бир чыгарма өзүнүн окуясын баяндайт. Сүрөттөр чындыктын чагылышы гана эмес, анын конструктору да.

Көрсөтүүнүн максаты – борбор калаадагы абанын булганышы, Бишкектин тегерегиндеги жаңы конуштардын жашоочуларынын энергетикалык ресурстарга жеткиликтүүлүгү, жаңы имараттардагы өнүкпөгөн инфраструктура, ассимиляция процесси жана ички миграция сыяктуу актуалдуу көйгөйлөргө коомчулуктун көңүлүн буруу.

Автордун “Түтүн” сүрөт көргөзмөсү 2023-жылдын 2-февралына чейин уланат. Маданий иш-чарага борбор калаанын бардык жарандары жана коноктору чакырылат.

Иш-чара Юнисон Групп тарабынан ишке ашырылып  Эл аралык Миграция Уюмунун Өнүктүрүү Фондунун “Абанын булганышы боюнча мигранттардын маалымдуулугун жогорулатуу жана Бишкектин “Дени сак шаар” ыкмасына ылайык чараларды иштеп чыгуу” долбоорунун колдоосунда өткөрүлүүдө.