Эс алуу  күндөрү кайрымдуу шаардыктар “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлерин ысык суусундуктар жана түшкү тамактар менен сыйлашты.

Түнкүсүн шаардын көчөлөрүндө жол тейлөө башкармалыгынын 99 жумушчусу, 291 көчө тазалоочу, 112 жүктөгүч жана 71 техника иштеди.

Базада 1800 тонна туз, мындан тышкары 3000 тонна тузга келишим түзүлүп, анын негизинде туз жок болгон учурда «Тазалык» ишканасынын талабы боюнча адистештирилген ишкана тез арада жеткирип берет.

Урматтуу шаардыктар! Ар бириңиздерге ысык чай  жана жакшы сөздөрүңүздөр  үчүн рахмат. Суук аба ырайында сиздердин жардамыңыздар “Тазалык” МИнин ар бир кызматкерин жылытат.