Ала-Тоо аянтында өлкөнүн башкы балатысын, ошондой эле жаңы жылдык балатылардын бардык конструкцияларын жана жаңы жылдык жасалгалоо элементтерин алуу иштери башталды.

Жаңы жылдык жасалганы "Тазалык" жана "Бишкекжарык"муниципалдык ишканаларынын кызматкерлери алышат.

Карагайдын каркасы жана ийне жалбырактуу бутактар "Тазалык" МИсында сакталат, балатынын жасалгалары жана инсталляциялары тыкан ажыратылып, таңгакталып "Бишкекжарык» муниципалдык ишканасынын кампасында кылдаттык менен сакталат.