Учурда көчөдө иштеп жаткан шаардык кызматтардын кызматкерлерине кайрымдуу жарандар ысык чай берип жатышат.

Акцияга “Бишкек Петролеум”, “Партнер нефть”, “Аброй”, Jubilee  камсыздандыруу компаниясы, “Первый детский хоспис” коомдук фонду, “Дари Добро” коомдук фонду жана «Дасторкон» кафеси кошулду.

Кызматкерлер ошондой эле төмөнкү мекемелерге жылынуу жана чай ичүү үчүн киришсе болот:

- Саякбай каралаев көчөсүндөгү №8/3  Ашлянфу Хаус Перчик;
- Киев көчөсүндөгү  №130 Вкус Востока;
- Юнусалиев көчөсүндөгү  №101 Вкус Востока ;
- Москва көчөсүндөгү  №51 Вкус Востока;

Урматтуу шаардыктар! Камкордугуңуздар  үчүн ыраазычылык билдиребиз. Ушул аяздуу күндөрдө сиздердин колдооңуздар биздин кызматкерлердин жүрөгүн жылытат.