Кызматкерлер Ала-Арча дарыясынын жээгиндеги муз тыгынын тазалоону улантууда.

Эске салсак, бир нече кызматтардын кызматкерлери аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам күнү-түнү иштерин улантууда.

Белгилей кетсек "Бишкексуучарба" МИси, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Биринчи Май акимиатынын кызматкерлери иштеп жатышат.

Тыгындарды жоюу үчүн КР Айыл чарба министрлигинин 5 атайын техникасы, Бишкексуучарба муниципалдык ишканасынын 1 экскаватору тартылган.