Тургундар шаар боюнча орнотулган жылуулук түйүндөрүнө кайрылууну улантышууда.

Ачылган күндөн тартып Свердлов районунун аймагында жайгашкан пункттарга 2783 адам кайрылган.

Октябрь районунун жылуулук түйүндөрүнө 1104 адам кайрылган.
Ленин районунун жылуулук пункттарына 1706 адам кайрылган.
Биринчи Май районунун жылуулук түйүндөрүнө 701 адам кайрылган.

Эске салсак, борбордо 12 чатыр тигилген. Анда ӨКМнин  кызматкерлери күнү-түнү нөөмөттө турушат.