Муниципалдык инспекциясы көрктөндүрүү иштерин көзөмөлдөөнү күчөтүп, тартип бузгандарга чара көрүүдө.

Тазалыкты жана тартипти сактабагандыгы үчүн Турусбеков көчөсүндөгү №127 дарегинде жайгашкан «Ваккер» жеке ишкерине КР «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 114-беренеси менен айып пул салынган, Ден Сяопин көчөсүнүн тургуну Салидинов А.К., Рухий-Мурас конушундагы таштандыларды бузгандыгы үчүн «Бишкек Втор Ресурс» ишканасынын Достоевский көчөсүндөгү №97 көмүр пунктунун ишке ашыруучусу Аккулаков Н.дагы тартип бузуучулардын катарына кирген.

Жолду бузгандыгы үчүн «Элит Газ» ишканасына 177-берененин 1-бөлүгү боюнча 17 000 сом айып пул салынган.

Гагарин жана Бакаев көчөлөрүнүн кесилишинде уруксатсыз айдоо иштерин жүргузгөндүгү үчүн Таалай уулу С. 179-беренин 2-бөлүгүнө ылайык жооп тартат.

Борбор калаанын мэриясы мыйзам бузуучуларга бардык аныкталган фактылар боюнча айып пул салынарын эскертет.