Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол инфратүзүмүнүн өнүктүрүү департаментинде коомдук транспорттун маршруттук схемаларын оптималдаштыруу, жолдорду куруу жана реконструкциялоо боюнча жыйын өттү.

Жыйынга КР Улуттук академиясынын,  ИИМне караштуу Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын, Бишкек шаарынын муниципалдык администрацияларынын, Бишкек шаарынын Жогорку окуу жайларынын, «Бишкек жүргүнчүлөр автотранпорт башкармалыгы », «Бишкек троллейбус башкармалыгы» жана «Жүргүнчүлөрдү ташуу башкармалыгы» муниципалдык ишканаларынын өкүлдөрү катышты.

Талкуунун жүрүшүндө катышуучулар күн тартибиндеги бардык маселелер боюнча биргелешип иштөө сунуштарын беришти. Борбор калаа тургундарынын керектөөлөрүн эске алуу менен Бишкек шаарынын маршруттук тармагын оптималдаштыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы менен мындан аркы кызматташуу жөнүндө чечим кабыл алынды.

Жыйынтыгында  коомдук транспорттун өнүгүүсү, жол курулушу жана түтүн маселеси боюнча изилдөө жүргүзүү чечими кабыл алынды.