Абанын температурасынын акырындык менен жогорулашына байланыштуу убактылуу жылытуу пункттары жабылды.

Ачылган учурдан тартып Свердлов районунун аймагында жайгашкан пункттарга 2783 адам кайрылган ал эми Октябрь районунун жылуулук түйүндөрүнө 1104 адам кайрылган.

Ленин районунун жылуулук пункттарына 1706 адам кайрылган болсо, Биринчи Май районунун жылуулук түйүндөрүнө 701 адам кайрылган.

Эске салсак, борбордо 12 чатыр тигилген. Анда ӨКМнин  кызматкерлери күнү-түнү нөөмөттө турушкан.