Жеке турак жай курулушу жана шаар куруу департаментинде жана борбор калаанын райондук администрацияларында жер мунапыска кирген объектилер боюнча комиссиялар ишин баштады.

Биринчи май райондук комиссиясында 55 материал каралып,1 арыз канааттандырылып, 2 арыз кайрадан иштеп чыгуу үчүн  «Бишкекбашкыахитектура» мамлекеттик мекемесине жана «Кадастр» мамлекеттик мекемесине жиберилди, 3 арыз канааттандырылган жок, 49 арыз шаар куруу корутундусун берүү маселесин кароо үчүн «Бишкекбашкыахитектура» мамлекеттик мекемесине жиберилген, 3 арызга терс чечим чыкты.

Свердлов  району боюнча 110 материал каралып, анын 1  мыйзамдаштыруудан баш тартылган, жер участогунун чектерин аныктоо  жана шаар куруу корутундусун иштеп чыгуу үчүн 109 материал  жалпы тизме менен «Бишкекбашкыархитектура» МИге жөнөтүлдү.
Урматтуу шаар тургундары! Документтер күн сайын саат 9:00дөн 18:00гө чейин Тунгуч кичирайону, 57  (Жеке туак-жай курулушу жана шаар куруу департаменти) дарегинде кабыл алынат. Байланыш телефондору: 0312 979297, 0312 97 94 54.

Маалымдама: Комиссия  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-октябрындагы “Жерге мунапыс берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу №567 токтомунун негизинде иш алып барат