Троллейбустун салондорунун кире беришине жүргүнчүлөрдүн тайгаланып, кулап кетпөөсү үчүн  коопсуздукту алдын алуу максатында «Бишкек троллейбус башкармалыгы» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тайгаланбаган килемчелерди төшөштү.

Эки күндүн ичинде ишкананын бардык троллейбустары ушундай килемдер менен камсыздалат.

Урматтуу жүргүнчүлөр! Ишкананын иши боюнча суроолор боюнча 0312 65-74-39 телефон номуруна кайрылсаңыздар болот.
Ошондой эле керектүү маалыматты социалдык тармактардагы расмий баракчаларынан таба аласыз:
https://www.facebook.com/BTUcom
https://instagram.com/mp_trolleybus?igshid=YmMyMTA2M2Y=