Бишкек мэриясынын Жерди пайдаланууну конторлдоо башкармалыгы борбор калаада уруксатсыз орнотуулган объекттерди “тазалоо” иштерин улантууда. Башкармалыктын кызматкерлери тарабынан  өз ыктыяры менен алуу  жөнүндө билдирүүлөрдү беришет.


Иштин жүрүшүндө Үмөталиев жана Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан дөңгөлөктүү тез татым (фастфуд) унаасы өз ыктыяры менен муниципалдык жерден алынган. Ошондой эле, Москва көчөсүндөгү муниципалдык аймакта коюлган күркө өз ыктыяры менен жерди бошоткон.


Андан сырткары буга чейин берилген эскертүүнүн негизинде Чүй проспектиси -Жаш Гвардия бульвары  «Октябрь» кинотеатрынын жанындагы дөңгөлөктүү «Эки Дос» тез-татым  унаасы өз ыктыяры менен муниципалдык жерден алынган.