“Бишкексууканал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын канализация кызматы тарабынан 24  тыгын жоюлду.


Акыркы убакта канализациядагы тыгындар көйгөйү тургундар үчүн да, «Бишкексууканал» ишканасынын жетекчилиги үчүн да бир топ актуалдуу болуп калды.


Себептери ар кандай болушу мүмкүн, бирок көпчүлүк учурда - бул калктын канализация системасынын туура эмес колдонулушу  менен түшүндүрүлөт.


Канализацияга таштандыларды ыргытпаңыз, адистер тыгындарды тазалоого барганда канализациядан чүпүрөк, памперс, курулуш жана башка таштандылар чыгып жатканын айтышууда.


Урматтуу шаардыктар! Борбор калаанын мэриясы таштандыларды чыгарууда  жоопкерчиликтүү мамиле жасоого чакырат!