Кыргыз Республикасынын Президентинин «2022-2027-жылдарга улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө улуттук программаны бекитүү тууралуу” Жарлыгын ишке ашыруу максатында Ленин райондук жалпы билим берүү мектептеринде ар бир окуу сменасынын биринчи сабагында ар бир класста Мамлекеттик гимн жаңырууда.

Аталган иш-чаранын максаты - келечек муунду патриоттулукка, өз Мекенин, эне тилин сүйүүгө, улуттук баалуулуктарга аяр мамиле жасап, урматтап-сыйлоого  тарбиялоо.

Ар бир кыргыз жараны анын ичинде ар бир окуучу мамлекеттик атрибуттардын бири болгон Мамлекетик гимнди жатка билүүгө тийиш.