2022-жылдын 30-октябрынан 2023-жылдын 15-январына чейин «Виват» спорт комплексинде  U12 жана U14  уландар арасында футзал боюнча Бишкек шаарынын чемпионаты өттү.

Мелдешке ар бир жаш категориясы боюнча 12 команда катышты.

Мелдештин жыйынтыгы боюнча уландар  U14 арасында байгелүү орундар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:

1-орун Балдар жана өспүрүмдөр олимпиадалык резервдеги адистештирилген мектеби Aк- Өргө командасы;
2-орун Балдар жана өспүрүмдөр спорт мектеби Алга командасы;
3-орун-Алай командасы.

Уландар арасында U12 байгелүү орундар төмөндөкүдөй:

1-орун  Балдар жана өспүрүмдөр олимпиадалык резервдеги адистештирилген мектеби;
2-орун  "Горняк"командасы;
3-орун  "Виват" командасы.

Мелдештин жеңүүчүлөрүн  Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери департаментинин дипломдору, медалдары, кубоктору жана эстелик белектери менен сыйланышты.