Муниципалдык инспекция борбор шаарды көрктөндүрүү эрежелерин бузуу фактыларын аныктоо иштерин улантууда.

Чектеш аймактарда тазалык тартибин сактабагандыгы үчүн КР «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 114-беренесине ылайык, Муром, Ахунбаев, Токтоналиев жана Нарвская көчөлөрүнүн тургундарына айып пул салынды.

Өндүрүштүк таштандыларды белгиленбеген жерге чыгаргандыгы үчүн Ибраимов көчөсүн бойлой жайгашкан «Дан Нан» ишканасына жана Көлмө көчөсүнүн тургунуна айып пул салынган. Тартип бузгандар 115-берененин 2-бөлүгү боюнча 7500 сомдон 23000 сомго чейин жоопкерчиликке тартылат.

Дарманкулов Н., тигүү калдыктарын өрттөгөндүгү үчүн 115-берененин 3-бөлүгү боюнча жоопкерчиликке тартылат.

Бирок айрым тартип бузуучулар күнөөсүн мойнуна алышкан жок. Алардын иши акыркы өкүм чыгаруу үчүн административдик комиссияга жөнөтүлдү.