Октябрь акимиатында Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгын аткаруу боюнча комиссиянын жыйыны өттү.

Райондун акими Азамат Дороев комиссия мүчөлөрү, райондун аксакалдар төрагалары, имамдар, ошондой эле райондогу кафе-ресторандардын өкүлдөрү менен жыйын өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө район башчысы кафе-ресторандардын өкүлдөрүнө президенттин Жарлыгын аткарып,  кардарларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектигин баса белгиледи.

Азамат Дороев комиссия мүчөлөрүнө Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте шаардыктарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды.