Свердлов административдик районунун жыйындар залында пробация боюнча  кеңешме  болуп өттү.

Жыйынга Свердлов районунун №5 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун медициналык-консультативдик бөлүмүнүн башчысы, калкты каттоо жана жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмүнүн, социалдык фонддун, райондук билим берүү борборунун, муниципалдык администрациянын юридикалык тобунун жана ЖАБнан  катышышты.


Жыйындын жүрүшүндө пробация кеңешинин катчысы  2022-жылдын 12 айындагы пробация кеңешинин ишинин жыйынтыгы жана Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясынын ишинин натыйжалуулугуна бекитилген пробация тармагында Свердлов административдик районунун баалоо жөнүндө маалымат берди.

Жыйынтыгында кардарларга  социалдык жардам көрсөтүү боюнча пробация кеңешинин 2023-жылга иш планы бекитилди