Октябрь районундагы Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркында Ленинград блокадасын бузуунун 80 жылдыгына арналган митинг-реквием болуп өттү.
Иш-чара бир мүнөттүк эскерүү жана үч жолу ок атуу менен башталып, Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын оркестринин коштоосунда өттү.
Иш-чарага Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева, Россия Федерациясынын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлдөрү, Бишкек шаарынын епискобу Владыка Саватий, Ленинград блокадасы боюнча кыргыз коомунун төрагасы Марат Кутанов катышты.
Митинг-реквием мектеп окуучуларынын концерти менен аяктады.