“Бишкексуучарба” муниципалдык ишканасынын жумушчулары Ала-Арча дарыясындагы муз тыгынын дагы эле алып жатышат.
Эске салсак, муз тыгыны 2023-жылдын 13-январында пайда болгон.
Бул тыгындар өз убагында жоюлбаса, дамбалар аркылуу дарыядан суу ташкындап, Ала-Арча дарыясынын жээгин каптайт.
Учурда “Бишкексуучарба” МИнын жумушчулары ӨКМ менен биргеликте тоңгон муздары жоюу иштерин жүргүзүүдө.
Бул багытта иштер күнү-түнү жүргүзүлүүдө.