Улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата Октябрь районунда иш-чара болуп өттү.

Бардык билим берүү уюмдарында адабий, театралдык иш-чаралар, ачык сабактар өткөрүлүп, мектеп китепканаларында дубал гезиттерден жасалган атайын бурчтар уюштурулууда.

Кыргыз тили жана адабияты сабагында окуучулар залкар жазуучунун чыгармаларын көркөм окуу боюнча өз ара жарышышат.

Белгилей кетсек, Ч.Айтматов атындагы мектеп-гимназиясында «Чыңгыз Айтматов 95 жашта», «Керемет талаа», «Чыңгыз Айтматов – кылымдын адамы» деген темаларда сабак-конференциялар өттү.