Пилоттук долбоордун алкагында Биринчи май районунун аймагында "Бишкек парк" соода борборунун жанындагы Керимбеков көчөсүндө катуу тиричилик калдыктарын сорттоо боюнча экинчи пункт иштей баштады.

Таштандыларды алгачкы сорттоо үчүн атайын экоаянтча улуттук, эл аралык стандарттарды жана санитардык-гигиеналык нормаларды эске алуу менен курулган.

Евроконтейнерлерге видеобайкоо камералары орнотулду, борбордук коммуникация системалары: суу менен камсыздоо, канализация жана электр энергиясы орнотулду. Таштанды сорттоочу үчүн бөлмө жабдылган.

Таштанды челектери жаан-чачындан коргоо үчүн атайын бастырманын астында жайгашкан. Контейнерлерди орнотуу жана жакынкы үйлөрдүн калкынын саны эске алынган.

Долбоорду ишке ашыруунун максаты:

1. Шаардыктарга таштандыны  өзүнчө чогултуу маданиятын үйрөтүү жана экологиялык аң-сезимди өнүктүрүү;

2. Экологиялык абалды жакшыртуу жана ден соолукту сактоо;

3. Жеке компанияларды тартуу жана шаардын киреше бөлүгүн көбөйтүү.

Мындай аянтчаларды жайгаштыруу боюнча иштер башка борбор шаарларда да уланууда.

Белгилей кетсек, долбоор инвесторлордун каражаттарынын эсебинен ишке ашырылууда.