27 – январдан 29-январга чейин борбордо "Атам, апам жана мен - болобуз сонун спортсмен" кышкы спорттук майрамы болуп өттү.

Иш-чара Шербаков жана Манас көчөлөрүнүн кесилишинде, №73-орто мектепте, "Тунгуч" кичирайонунда, №11-орто мектепте жана №40-орто мектептин  спорт аянтчаларында өткөрүлдү.

Иш-чаранын уюштуруучусу Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия, спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаменти жана борбор калаанын акимиаттары болду.

Жыйынтыгында байге ээлери төмөнкүдөй аныкталды:

- Ленин району: I-орун, Полотовдордун үй – бүлөсү., II-орун– Чолпонбаевдердин үй-бүлөсү., III-орун Чоң-Арык Жакыпбековдордун үй-бүлөсү.;

- Биринчи май району: I-орун –Садыровтордун үй-бүлөсү., II-орун Кыдыргысов Н. үй-бүлөсү., III-орун Туманов Б.үй-бүлөсү;

- Свердлов району: I-орун Арунов Н. үй-бүлөсү, II-орун–Исабеков Р. үй-бүлөсү, III-орун Азисов А. үй-бүлөсү;

-Октябрь району: I-орун Караев Б. үй-бүлөсү, II-орун Токтоналы уулу Эрландын үй-бүлөсү, III-орун Молдокулов А. үй-бүлөсү.

Мелдештин жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөргө жана байге ээлерине КР ИИМ БКББнын жана өнөктөштөрдөн дипломдор, медалдар, кубоктор жана эстелик байгелер ошондой эле Октябрь акимиатынан акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Мелдештер шаардыктардын арасында өткөрүлдү. Катышуучулардын жаш курагы 35 жаштан 45 жашка чейин, балдар 10 жаштан 14 жашка чейин эркек же кызга карабастан.