Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары Мирлан Байгончоковдун төрагалыгы алдында Бишкек шаарынын мэриясынын ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн ишин оптималдаштыруу боюнча функционалдык талдоо жүргүзүү жана сунуштарды иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун биринчи отуруму өткөрүлдү.

Отурумдун жүрүшүндө 2023-жылга карата Бишкек шаарынын мэриясынын ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн иш-аракеттерин оптималдаштыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана функционалдык талдоо жүргүзүү боюнча эксперттик топтун иш планынын долбоору каралды.

Эксперттик топтун курамына мэриянын борбордук аппаратынын бөлүм башчылары, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери, ошондой эле коомдук бирикмелердин эксперттери кирген.