Бишкек шаарынын Биринчи май районуна караштуу №11 «Ак-Кеме» мектепке чейинки билим берүү уюму 2021-жылдын март айында ачылган.

Бала бакча мектепке чейинки билим берүү стандарттары боюнча иш алып барат. Балдар өздүк гигиенаны күнү бою сакташат, таза абада күнүнө 2 жолу сейилдешет.

Окутуу мамлекеттик тилде жүргүзүлөт, кыргыздын каада-салттарына, үрп-адаттарына басым жасалат. Жоопкерчиликтүү, балдарга сүйкүмдүү жамаат балдарга ата-бабаларыбыздын унутулуп бара жаткан оюндарын үйрөтүп келет.

Бала бакча 4-тайпалуу. Жаш өспүрүмдөргө, жаш өзгөчөлүктөрүнө жараша билим тарбия берилет.