Зордук-зомбулукка жана ырайымсыз мамилеге кабылган балдарга жардам берүү борборунун адистери Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгы жана жашы жете электердин иштери боюнча инспекциясынын кызматкерлери менен биргеликте №83 жана №54- мектептеринде «Жашы жете элек балдардын арасындагы зомбулуктун жана суициддин алдын алуу» темасындагы маалыматтык семинар өткөрүштү.

Мындай маалыматтык кампанияларды өткөрүү ата-эне менен баланын ортосундагы өз ара жардамдашуунун маанилүү элементи болуп саналат. Ошондой эле, ал укуктар жана кепилдиктер, зордук-зомбулук катталган фактылар боюнча иш алып баруучу кызматтар тууралуу кенен маалыматты камтыйт.

Борбор зомбулукка кабылган балдарга психологиялык жана юридикалык жардам көрсөтөт. Зомбулукка кабылган балдарды коргоо максатында борбор жардам сураган ар бир адамга колдоо көрсөтүүгө даяр. Жогорку квалификациялуу кызматкерлер туруктуу негизде психологиялык жана социалдык колдоо көрсөтүп турушат.

Борбордун байланыш телефону: 0312 442510, жана ишеним номуру: 111 (акысыз консультация алуу үчүн).

Борбор оор кырдаалга туш болгон ар бир балага жардам жана колдоо көрсөтүүгө ар убакыт даяр.