Бишкек шаарында 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун төрагалыгы астында борбор калаанын мэриясынын коллегиясы өтүүдө.

Коллегиянын отурумуна калаа башчысы Эмилбек Абдыкадыров, Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Куванычбек Конгантиев жана шаардык кызматтардын жетекчилери катышууда.

Борбор калаанын социалдык чөйрөсүндө да өзгөрүүлөр болду.

2022-жылы республика боюнча "Алтын тамга" артыкчылык аттестаттарынын 40% жана ЖРТнын алтын сертификаттарынын 45% Бишкек шаарынын орто мектептеринин окуучулары тарабынан алынган.

Тез медициналык жардамга болгон жүктү азайтуу үчүн Бишкек шаарынын көчмө амбулаториялык кызматы түзүлгөн, анын максаты үйүндө дарыланууга муктаж болгон бейтаптарга сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүү. Бул кызматтын 2021-жылы иштеши үчүн шаардык бюджеттин каражаттарынын эсебинен 7 санитардык унаа алынган. 2022-жылы алардын саны 16 унаага чейин көбөйгөн.

Бишкек шаарынын мэриясы менен Корея эл аралык кызматташтык агенттигинин ортосунда COVID-19 жана башка жугуштуу ооруларга чара көрүү үчүн меморандумга кол коюлду, анын алкагында медициналык жабдууларды сатып алууга 22 936,5 миң сом бөлүндү.

Социалдык контракт берүүнүн алкагында Бишкек шаарынын калкынын социалдык жактан аярлуу катмарынан 350 үй-бүлө менен жалпы суммасы 35 млн сомго келишим түзүлгөн.

2022-жылы спорттун ар кандай түрлөрү боюнча мелдештин ар кандай деңгээлдериндеги шаардык мектептердин окуучулары 184 медаль (46 алтын, 53 күмүш жана 85 коло) жеңип алышты, бул өткөн жылга салыштырмалуу 45% га көп. Спорттун түрлөрү боюнча Бишкек шаарынын курама командаларынын мүчөлөрү 32 эл аралык мелдешке, анын ичинде Азия жана дүйнө чемпионаттарына катышты.

2022-жылы борбор калаада "Наристе" эл аралык балдар фольклордук фестивалы өткөрүлдү, ага Кыргызстандын бардык облустарынан жана КМШ өлкөлөрүнөн 4 миңден ашык балдар катышкан, ошондой эле "Улуу Жибек Жолундагы дельфий оюндары" маданий-билим берүү долбоорунун алкагында Биринчи Бишкек Дельфий оюндары өткөрүлдү, анда 12 номинация боюнча, анын ичинде 2 номинация жаштардын жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын катышуусу менен мелдештер өттү. Иш-чарага Кыргызстандын, Казакстандын, Россиянын жана башка өлкөлөрдүн көрүнүктүү маданият, искусство, билим берүү жана илим ишмерлери катышты.