Борбордо 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча мэриянын коллегиясы өтүүдө.

Жергиликтүү бюджеттин эсебинен 2022-жылга ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар  үчүн ыңгайлуу, заманбап дизайны жана экологиялык таза отун менен жаңы ыңгайлуу  жүргүнчү автобустарын сатып алууга 1 млрд.сом өлчөмүндө акча каражаты каралган.

2022-жылы «Zhongtong Bus Hoiding Co., Ltd» компаниясы менен 120 даана автобустарды жеткирүү боюнча келишим түзүлгөн.  


Шаардык коомдук транспортту жакшыртуу боюнча санариптештирүүнүн алкагында «BPC AG» компаниясы тарабынан муниципалдык коомдук транспортто электрондук билеттөө системасы киргизилген.