Бишкекте 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун төрагалыгы астында борбор калаанын мэриясынын коллегиясы өтүүдө.

Коллегиянын ишине борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Куванычбек Конгантиев жана шаардык кызматтардын жетекчилери катышууда.

Мэр муниципалитеттин ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары тууралуу баяндама жасады, ошондой эле 2023-жылга карата милдеттерди белгиледи. Ал белгилегендей, муниципалдык менчикти башкаруу процессинде олуттуу өзгөрүүлөр болду. Аларды ижарага берүүдөн түшкөн иш жүзүндөгү киреше 906 миллион 26 миң сомду түздү, бул 173 миллион 987 миң сомго көп, 2021-жылдын ушул мезгилине караганда. "Ак-Бата" конушунда 1 мектеп, ошондой эле шаар боюнча 6 саламаттык сактоо мекемеси курулат.

Бул жылы "Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү" долбоорунун 3-этабынын алкагында 4 түйүнгө 4 өтмөктүн курулушу башталат. Ошондой эле узундугу 16 км болгон жолдорго жана узундугу 20 км болгон тротуарларга капиталдык ремонт жүргүзүлөт.

Жарандардын жеңилдик берилген категориялары үчүн 3 297 үй-бүлөгө көмүр сатып алууга 16,63 млн сом суммасында акчалай компенсация төлөнүп берилди. Ошондой эле "Бишкекжашылчарба" МИси аз камсыз болгон 133 үй-бүлөгө 1,5 куб метрден отун менен камсыз кылды.