Мэриянын коллегиясында турак жай-коммуналдык чарба блогунун ишинин жыйынтыктары тууралуу айтып беришти.

2022-жылы "Тазалык" муниципалдык ишканасында 982,4 млн сом суммасындагы иштер аткарылган. Ишкана шаардын 202 көчөсүнүн, 3 аянтын, 31 сквердин, 1 сейил бактын жана 2 бульвардын санитардык тазалоосун жүргүзөт. Бул көлөмдөрдүн бардыгы технологиялык карталар боюнча бөлүштүрүлөт. 2023-жылдын 1-январына карата технологиялык карталардын саны 1248 бирдикти түзөт.

Бишкек шаарынын мэриясы Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы жана Европа Союзу менен биргеликте 22 млн евро суммасында "Бишкек шаарында катуу таштандыларды башкаруу системасын жакшыртуу" долбоорун ишке ашырууда, анын ичиндеги гранттык каражаттар 11,0 млн евро жана кредиттик каражаттар 11 млн евро.

Долбоордун алкагында тиричилик таштандыларын жабуу жана рекультивациялоо жана жаңы санитардык полигонду куруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Полигондун аянты 12,4 гектарга көбөйгөндүктөн, башкы подрядчы фильтратты жок кылуу жана кошумча аймакты рекультивациялоо боюнча иш-чараларды камтыган жаңыланган иш долбоорун иштеп чыгууга киришти.

"Катуу тиричилик калдыктарын сорттоо боюнча завод жана жашыл калдыктарды үчүн участок" компонентин ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын алкагында бир этаптуу тендер өткөрүү үчүн техникалык тапшырманын долбоору даярдалды.

2022-жылы Бишкек шаарында жашыл бак-дарактардын санын көбөйтүү жана экологиялык абалды жакшыртуу максатында "Бишкекжашылчарба" МИси жашыл бак-дарактарды: жалбырактуу дарактардын 8 038 көчөтүн, 2 693 ийне жалбырактуу дарактарды, 4 458 бадалдарды жана 206 153 тосмолорду отургузган.

Бишкек шаарында 2022-жылдын апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин "2022-жылды тоо экосистемаларын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыялоо жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында башталган "Жашыл Мурас"улуттук кампаниясы башталды. Акция алкагында шаар тургундары тарабынан Бишкек шаарында 5068ден ашык бак-дарак көчөттөрү жана 10 000 даана тосмо отургузулду. Көчөттөр "Бишкекжашылчарба" МИнин питомнигинен жана менчиктин ар кандай формасындагы башка питомниктерден алынды.

"Бишкексуучарба" МИси тарабанынан узундугу 13,0 км магистралдык каналдарды тазалоо жана узундугу 20,5 км болгон коллектордук-дренаждык тармактарды тазалоо боюнча жалпы суммасы 9,7 млн сомго жумуштарды аткарды.

"Бишкекжарык" МИси 2022-жылы шаар боюнча 10 531 светодиоддук чырак орнотулду: анын ичинен 5 532 светодиоддук чырак шаардын 402 көчөсүндө, 3 610 светодиоддук чырак шаардын 39 конушунда орнотулган. Ошондой эле 1 1684 сырткы жарык берүүчү чырак алмаштырылды, жалпы узундугу 150,6 км электр берүү чубалгылары оңдолду жана текшерилди, узундугу 117,7 км өзүн өзү колдогон изоляцияланган зым алмаштырылды жана төшөлдү, сырткы жарык берүү боюнча 2 105 авариялык кырдаал жоюлду, шаардын тургундарынан 1 152 арыз каралды жана аткарылды.

Пилоттук долбоорду ишке ашыруунун жыйынтыгы боюнча 12-жылдын 2022-октябрында "Бишкекгорлифт" МИси менен "Кыргыз Унаа Курулуш" ЖЧКнын ортосунда үч жылдын ичинде пайызсыз жана күрөөлүк камсыздоосу, этаптуу төлөө шарты менен 100 лифт жеткирүү келишимине кол коюлган. Келишимдин шарттарына ылайык 2022-жылдын декабрь айында 20 лифт жеткирилген.

8,71 км канализациялык жана 0,62 км суу түтүк тармактарынын реконструкциясы жүргүзүлдү, оор атайын техниканы жана атайын автотранспортту тартуу жана казуу менен байланышкан суу түтүк, канализация тармактары боюнча 1 737 авария жоюлду.

"Бишкексууканал" ӨЭБсы "Бишкек шаарындагы суу менен камсыздоону жана канализацияны реабилитациялоо"долбоорун ишке ашырууда. Аны ишке ашыруунун алкагында 8,7 млн евро өздөштүрүлгөн, анын ичинде кредит – 6,2 млн евро, грант - 2,5 млн евро.

Ахунбаев көчөсүнөн узундугу 11 кмге жакын канализациянын тазалоочу курулмаларына чейин "канализация коллекторун долбоорлоо жана куруу" компоненти боюнча иштер улантылууда.