Борбор калааны көрктөндүрүү жана жашыл аймактардын санын көбөйтүү максатында Ю. Абдрахманов жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде гүл бакча куруу пландалууда.

Ю. Абдрахманов №176- үйүнүн жашоочулары Биринчи май районунун башчысы Максатбек Сазыкуловго гүл бакча  куруу өтүнүчү менен көп кабаттуу үйдүн маңдайындагы жеңилдетилген типтеги объектилерди алуу  иштери башталды.

Соода түйүндөрүнүн ээлери менен түшүндүрүү иштери өткөрүлдү, алар үчүн шаардыктарга ыңгайсыздык жаратпай турган башка жер каралат.

Киев көчөсүндөгү  "Ордо" бизнес-борборуна чейинки бардык объекттер алынат.

Мындан тышкары, коомдук транспорт  үчүн заманбап аялдама комплексин орнотуу пландалууда, жылуу бөлмө, жүздү аныктоочу видеокөзөмөл камералары менен.

Иштеп жаткан долбоорлордун эскиздери (иллюстрациялык сүрөт).

Белгилей кетсек, буга чейин  бузуу жөнүндө билдирүүлөр жөнөтүлгөн.