«Ак-Ордо» конушунда «Бишкекжарык» муниципалдык ишканасы тышкы жарыктандыруу тармактарын модернизациялоо иштерин улантууда.

Шаардын жарыктандыруучулары Каркыра жана Долон-бий көчөлөрүнүн ортосундагы Ак-болпон, Кызыл-Суу, Тунук көчөсүн бойлой  иштеп жатышат.

Ишкананын кызматкерлери  кубаттуулугу 50 ватт келген 15 асма чырак орнотушту.

Урматтуу шаардыктар! Эгерде сиздин көчөдө капыстан караңгы болуп калса, ишкананын авариялык-диспетчердик кызматы ар дайым кызматта: (0312) 46-30-89, 57-63-51, WhatsApp: 0777 902-115.

"Бишкекжарык" МИсы  социалдык тармактарда:

Фейсбук: https://www.facebook.com/Bishkeksvet312
Instagram: @mp_bishkeksvett
Twitter: @Bishkeksvet