7-февралда Абдразак Мокенов дүйнөдөн кайтты.

А.Мокенов  шаарыбыздын, өлкөбүздүн өнүгүшүнө салым кошуп, өзүнүн бай тажрыйбасы жана баалуу кеңештери, турмуштук тажрыйбасы менен көпчүлүктүн жүрөгүндө өчпөс из калтырды.

Ал 1936-жылы Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Кең-Суу айылында туулган.

1980-1985-жылдары Фрунзе шаарынын аткаруу комитетинин төрагасы болуп эмгектенип, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин бир нече чакырылышынын депутаты болгон. Бишкек шаарынын Ардактуу атуулу болгон.

Бүгүнкү күнгө чейин Бишкек шаарынын Свердлов районундагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин жана эмгекчилеринин кеңешинин төрагасы болуп иштеген.

Абдразак Мокеновдун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.